super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси алдыдагы шайлоолор боюнча сүйлөшүштү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 25-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды.

Жээнбеков мамлекеттик башкаруу органдарындагы реформалар, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берди. “2010-жылдан тарта Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда барат. Азыркы кезде биз белгилүү бир натыйжаларга, эң башкысы, туруктуулукка жетише алдык. Парламентаризмдин алгачкы ийгиликтери жарала баштады. Айрым кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнү өнүктүрүүнүн бул жолунан кайтууга ниетибиз жок. Элибиз парламенттик демократиянын артыкчылыктуу жактарын көрүп турат”,- дейт төрага.

Спратлен: “Кыргыз парламенти төрт жылдан бери парламенттик демократияны калыптандыруу багытында орчундуу кадамдарды таштап келет. Бул жүрүм жөнөкөй кадам эмес, ошондуктан дүйнөлүк коомчулук тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор өтө маанилүү болуп саналат”,- дейт.

Жолугушууда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, калктын шайлоолорго ишенимин жогорулатуу, 2015, 2017-жылдары өтүүчү шайлоолор боюнча сүйлөшүштү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: