“Ата Мекен” премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштады
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы жаңы түзүлө турган коалициялык көпчүлүккө кирет. Мындай чечим бүгүн, 25-мартта фракция жыйынында кабыл алынды. Фракция премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин (учурда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу) талапкерлигин сунуштады.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт башчылыкка талапкер Оторбаев тууралуу: “Ал азыркы чиновниктердин карама-каршысы, классикалык чиновниктерге окшошпойт. Фракция мүчөлөрү аны жакшы билишет. Бизге жакшы менеджер гана керек эмес, премьер-министр – саясий фигура. Жарандар ал (Оторбаев) азыркылардай эмес, башкача адам экенин түшүнүшү зарыл”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















