“Ата Мекен” жаңы коалициялык макулдашууга чиновниктердин туугандарын кызматка коюуга тыюу сала турган жобо киргизүүнү сунуштады

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы жаңы коалициялык макулдашууга чиновниктердин бир туугандары менен жакындарын жетекчилик кызматтарга дайындоого тыюу сала турган жобо киргизүүнү сунуштады. Мындай чечим фракциянын 25-марттагы жыйынында белгилүү болду.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, коррупция менен күрөшүү үчүн мамлекеттик кызматка таза адамдар келиши керек. “Макулдашууга чиновниктердин аялдарын, бир туугандарын жана жакындарын жетекчилик кызматтарга дайындоого тыюу салуу тууралуу норма киргизүү керек” деген депутат Башкы прокуратура тарабынан айып тагылган депутаттарды парламент калкалабашы керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

