super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда көмөк чордон орнотууга жер бекер берилмекчи

 

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин отурумунда “КРнын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Демилгечи депутаттар жергиликтүү конуштарга көмөк чордон коюуда жерди ижарага алуу талап кылынарын, муну токтотуу керектигин айтышты.

Жер кодексинде "жер тилкелери мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн" деп жазылганына ылайык, бул бөлүк “энергетика” деген сөз менен толукталганы жатат.

Мыйзам долбоорун 2-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: