super.kg logo

Сокулуктан "таксистти коркутуп, унаасын каттатып алууга аракет кылган" деп шектелгендердин бири кармалды

 

Бишкек шаарында өз иши менен алектенип жүргөн 24 жаштагы таксиситтин унаасын күч колдонуп тартып алып, өздөрүнө каттатып алууга аракет кылган 20-25 жаштардагы 3 жарандын бирөө кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи бүгүн, 25-мартта билдирди. 

Маалыматка ылайык, таксист 17-мартта өз унаасы Хонда Фитти айдап бара жатканда Фучик менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен аны 3 жигит токтотуп, Сокулукка барарын айтышкан. Жолдо алардын бирөө токтотуп коюуну суранган. Унаа токтогондо экинчиси таксисттин моюнуна отвёртка такап, уюлдук телефонун алып, унааны өзү башкарууга өткөн. Андан соң Чат-Көл айылы тарапка бет алып, Чоң Чүй каналына жеткенде токтоп, таксистти "унааны бизге каттап бербесең өлтүрөбүз" деп коркутушкан. Таксист макул болгон. 

Кийин Бишкекке кайтып келе жатышканда Гавриловка айылынан МАИ кызматкерлери токтотуп калышкан. Ошол замат таксист кара ниеттердин колунан бошонуп чыгып, милиция кызматкерлерине болгон окуяны айтып берүүгө жетишкен. Ошол жерден кылмышкерлердин бири 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Е.Игорь кармалды. Ага КРнын КЖКсынын 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда качып кеткен экөөнүн аты-жөнү такталып, издөө иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: