super.kg logo

Жоголгон малайзиялык учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындары Кытайда баш аламандык уюштурушту

 
8-марттан бери дайынсыз жоголгон малайзиялык учактагы жүргүнчүлөрдүн жакындары кечээ, 25-мартта Пекиндеги Малайзиянын элчилигинин астында баш аламандык уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар "бизге ушул кезге чейин жалган маалымат берип келишти" деп бийликти күнөөлөшкөн. Колдоруна "Малайзия авиалиниясы", силер бизге баарын түшүндүрүп беришиңер керек!", "Биз чындыкты билгибиз келет!", "Жакындарыбызды кайтарып бергиле!" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан демонстранттар элчиликтин имаратынын тосмосун бир нече жолу бузуп, суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого кытай аскерлери, полиция кызматкерлери жана атайын кызматтын агенттери келишкен. Баш аламандык учурунда бир аялдын гана эс-учун жоготкону болбосо, бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес. 
Белгилей кетсек, 24-мартта Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак жоголгон учактын Инд океанына түшкөнү жана андагы жүргүнчүлөрдүн тирүү калганынан күмөн санап жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан эле. Азырынча учактын калдыктары табыла элек. 
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп баратканы көрүнгөн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.03.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылышын каалап жатам.аман соо табылса экен
26.03.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Cholpontai, кандай табылат?инди океанына кулаган деп,жатышат го,жакындарын жоготкондорго керек болсо акча болобуз деп жатышбайбы???
26.03.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ар кандай кырсыктан сактай кор.
26.03.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар толук маалымат бербей жатат. Бир нерсе болгон оздору билсе керек.
26.03.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле ырастоочу так маалыматтары жок, дээрлик 20 кундон бери таба алышпай айласы кетип, жакындарына ушундай кабар угузушту.
Кудайдын кудурети болуп, аман-эсен бир кычыктан табылса...
26.03.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21 кылым техника онукту деген менен адам баласы дагы еле алсыз екендигин корсотуп койду,20 кундон бери чон учакты таппай жатышат 30 мамлекет биригишип,аланын амири менен бир жерден табылып калса еле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: