super.kg logo
  Спорт  

“Бавария” мөөнөтүнөн мурда Германиянын чемпиону аталды

 
Башкы машыктыруучу Хосеп Гвардиола команданы былтыркы күчү менен сактап калды. Эми алардын алдындагы негизги тапшырма УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чемпиондугун коргоо экендиги талашсыз.

Кечээ, 25-март түнү Германиянын чемпиондугунда (Бундеслига) 27-тур оюндары орун алып, мюнхендик “Бавария” мелдештин жыйынтыкталарына 7 тур калганда чемпиондукту камсыздай алды. Бул күнү “Бавария” атаандашы “Гертаны” 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.  

Кошумчалай кетсек, “Бавария” сезон алкагында 25 оюнда жеңүүчү аталса, 2 оюнда тең чыгуу катталган. Клуб быйылкы сезондун эсебинен Өлкө чемпиондугунда жеңилүүгө туш боло элек. Бул көрсөткүч менен “Бавария” мелдеш жадыбалында эң жакын атаандашы дортмунддук “Боруссияны” 25 упай артка таштады. Мелдеш дагы 7 турга созулат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: