super.kg logo
  Саясат  

2012-жылы бюджеттик мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратурага 266 иш өткөрүлгөн

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-мартта өкмөттүн 2012-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматы угулуп, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лаврованын айтымында, бюджеттин жыйынды кирешелери 77 миллиард 601 миллион 100 миң сомду, жыйынды чыгымдары 71 миллиард 703 миллион 300 миң сомду түздү.

Эсептөө палатасы тарабынан 3 миллиард 568 миллион сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 2 миллиард 925 миллион сому кайра кайтарылууга жатат. Ал эми сарамжалдуу эмес пайдаланылган акча 1 миллиард 225 миллион сомду түздү. Башкы прокуратурага 266 иш өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: