super.kg logo

Бишкек шаардык соту экс-мэр Нариман Түлеевди үй камагына чыгарган жок

 

Бишкек шаардык соту экс-мэр Нариман Түлеевди үй камагына чыгарган жок. Анын адвокаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон судьялардын чечимин четке кагуу өтүнүчүн жазды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта адвокат Кубанычбек Ташбалтаев SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, кечээ, 25-мартта соттук процессте соттук коллегия экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доону канааттандырган жок. Андан соң судьялар соттук-медициналык экспертизаны өткөрүүгө уруксат бербей коюшту. Мындан тышкары соттук коллегиянын чечимин четке кагуу өтүнүчү менен арыз берилген, бирок ал да канааттандырылбай калган.

"Нариман Түлеевдин ишин караган соттук коллегиянын кабыл алган чечимин четке кагуу өтүнүчү боюнча арыз КРнын Жогорку Сотуна тапшырылат",- деди Кубанычбек Ташбалтаев. 

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.03.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кишини чыгарбаш керек бул Бакиевти Атам деген киши да !
26.03.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр кичине жылыш бар бирок ото эмес биздин мыйзам дагы деле чийки. Жемкорлук менен курош учун бутундой эл курошуш керек
27.03.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura kilat,biroosu aran sottolso,bul da kachip ketishi mumkun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: