Казакстандан келген уурулардын тобу кармалды



Казакстандан келген уурулардын тобу кармалды. Алар баасы 1000 долларлык сканерлүү пульттарды колдонушуп унаалардын ичиндеги баалуу буюмдарды уурдашчу. Бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Айбек Жайлообаев бүгүн, 26-мартта билдирди.
Айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн бири Кыргызстандын (Тынарбек Абакулов), экөөсү Казакстандын (Самат Умурзаков менен Чыңгыз Кулуев) жараны. Алар март айынын башынан бери Бишкек шаарында автоунааларды сканерлүү пульт аркылуу ачышып, ичиндеги баалуу буюмдарды уурдап кетишчү. 19-март күнү алар уурулук кылып жаткан жеринен кармалышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kyrs

26.03.2014. 23:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылдуу ууруларго эми турмонун эшигин сканерлуу пультунар менен ачып озунор качкыла.
lusi2013

28.03.2014. 13:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой шумшуктоор
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.