Ош шаарында жыл башынан бери 525 ит-мышык атылып өлтүрүлдү
Ош шаарында жыл башынан бери 525 ит-мышык атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков билдирди.
“Бүгүнкү күндө 839 жолбун ит атылды. Ал эми ит тиштеп алган жарандардын саны - 25. Буларды өз убагында 10 күндүк ветеринардык көзөмөлдөөдөн өткөрөбүз. Элге айтып коюш керек, оорусаң дарыгерге кайрыласың, унааң бузулса оңдоочу жайга алып барасың да. А эмне үчүн өзүң баккан малды алдын ала ветеринардык көзөмөлдөн өткөрбөйсүң? Өзүңөр билгендей, азыркы тапта айлык акынын аздыгынан жаш ветеринарлар жок. Биз баарына жетишпейбиз, саналуу гана дарыгерибиз бар”,- дейт ал.
Айта кетсек, жакын арада шаарда 13 ветеринардык пункт ачылары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















