Ош. 1-апрелде кыргызстандык "Алай" менен иорданиялык "Шабаб-Аль-Ордондун" ортосунда футболдук таймаш өтөт
Ош шаарынын борбордук стадионунда 1-апрель күнү Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунда кыргызстандык "Алай" жана иорданиялык «Шабаб-Аль-Ордон» клубунун командаларынын ортосунда футболдук таймаш өтөт.
Маалыматка ылайык, боло турган оюнга Ош шаардык мэринин катышуусу менен 15 адамдан турган штаб түзүлдү. Штабдын башкы жетекчилигине шаардын вице-мэри Ильич Эргешов дайындалып, иш-чараны башынан аягына чейин көзөмөлгө алмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.