Ош мамлекеттик университетинин студенттери Сулайман тоонун алдына көчөт отургузушту




Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин студенттери Сулайман тоонун алдына бүгүн, 26-мартта дарак көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табият таануу жана география факультетинин базасындагы ботаникалык бактан ыйык Сулайман тоого чейин кийиз дарагынан 15 түп, ясень дарагынан 10 түп жана ак чечек дарагынан 15 түп көчөт отургузулду.
Иш-чаранын негизги максаты Ош шаарында жүрүп жаткан көрктөндүрүү ишине салым кошуу, жашылдандыруу жана экологияны сактоо болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tolkun85

26.03.2014. 17:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар коп коп кочот тиге беришсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.