Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу борборуна кошумча 250 миң сом каражат бөлүндү
Бүгүн, 27-мартта Ош шаардык мэриясынын имаратында депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат.
Автор: Айсана Паизова
Анда жергиликтүү бюджет каралып, айрым мекемелерге кошумча акча каражатын бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү. Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 250 миң сом бөлүндү. Ал каражат карантиндик жана өтө кооптуу, жугуштуу оорулар катталган учурда профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга сарпталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















