Жоомарт Оторбаев: "Кыргызстанда балдардын төрөлүшү өсүп жатат"
Кыргызстанда акыркы 7 жылда айлык акы 11 эсеге жогорулаганын КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. "Кыргызстанда акыркы 7 жылдын ичинде айлык акынын өлчөмү 11 эсеге жогорулады. 2005-жылы айлык акынын эң аз өлчөмү 100 сомду түзсө, 2012-жылдын октябрь айына карата эң аз өлчөм 760 сомду түздү",- деди Жоомарт Оторбаев. Мындан сырткары вице-премьер-министр балдардын төрөлүшү боюнча Кыргызстан КМШда алдынкы орунга чыкканын белгиледи. "2005-жылы 1000 кишиге 14 жаңы төрөлгөн бала туура келсе, азыр ал көрсөткүч 28ге жетти. Башкача айтканда, балдардын төрөлүшү 2 эсеге өстү. Бул жакшы фактор",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

