Кылмышкердин колунан каза тапкан Камила Дүйшөбаева боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү
Парламенттин 27-марттагы жыйынында депутаттар коомдук коопсуздук маселесин көтөрүштү. Депутат Бакыт Төрөбаев Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөй албай калганын билдирип: “Жарандар түнкүсүн көчөдө эркин жүрө албай калышты. Көчөдө атышуулар болуп жатат. Жакында Камила Дүйшөбаева аттуу кыз жоголуп, жансыз денеси Байтик айылынан табылды. Кылмышкерлер табыла элек”,- деди.
Төрөбаев кылмыштардын өсүшүнө жакында мунапыс аркылуу абактан бошотулгандардын тиешеси болушу мүмкүн экенин айтат.
“Кайрадан кылмышка барбаш үчүн аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек болчу”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















