Кыргызстанда 1990-жылы 307 оорукана болсо, учурда алардын саны - 117
Кыргызстанда ооруканалардын саны 23 жылда 307ден 117ге чейин кыскарды. Муну ЖКнын 27-марттагы жыйынындагы өкмөттүк саатта депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Айтымында, 20 жылдын ичинде өлкөдө бир да оорукана курулган эмес.
“Оорукана имараттарынын абалы өтө начар. Жарандар айлап кезекте турушат, палаталар жетишпей, бейтаптар коридордо жатышат. Койкалардын саны 42 миңден 27 миңге чейин кыскарган”,- деди депутат.
Айта кетсек, өкмөттүк саатта медициналык мекемелердин имараттары курулган жер тилкелеринин абалы каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

