Чүй облусунда кеңседен сейфти көтөрүп чыгып кеткендердин бири кармалды
Кеңседен сейфти көтөрүп чыгып кеткендердин бири кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн айылында жайгашкан жеке ишканалардын бирине бет капчан адамдар киришип, кароолчусун сабап, кеңседеги сейфти көтөрүп чыгып кетишкен. Анын ичинде 350 миң сомго жакын акча болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Ал мурда да ушул сыяктуу кылмыштарды жасап, сот жообуна тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.