"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгү парламент алардын отчётун кабыл алгандан кийин токтошу маалым болду
"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгү парламент алардын отчётун кабыл алгандан кийин токтойт. Бул тууралуу "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, КРнын Экономика министри Темир Сариев комиссиянын акыркы жыйынтыктоочу жыйынында билдирди. Темир Сариев комиссияга каалоочулардын баары кирип, иш ачык өткөнүн белгиледи. "Жалпысынан комиссияда 28 адам иштеди. Алардын арасында өкмөттүн өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, серепчилер жана профилдик ведомстволордун жетекчилери бар. Комиссия юридикалык, техникалык, экологиялык маселелер боюнча 3 топко бөлүнүп иш алып барды",- деди Темир Сариев. Ошондой эле комиссиянын төрагасы мамлекеттик комиссиянын толук ишин камтыган китеп чыгарыларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

