super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш мигранттардын маселесин кароону башка күнгө жылдырды

 

Жогорку Кеңеш мигранттардын маселесин кароону башка күнгө жылдырды. Мындай чечим парламенттин 27-марттагы жыйынында кабыл алынды. Төрага Асылбек Жээнбеков эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Камила Талиева жок бул маселени кароо туура эмес экенин билдирди. "Талиева командировкада, Алымкулов ооруканада экен. Аны көтөрүп жыйынга алып келгени менен деле суроолорго жооп бере албаса керек" деген төрага бул маселени жаңы өкмөт менен кароону сунуштады.

Бирок депутаттар каршы чыгышты. "Эмнеге жаңы өкмөт менен карайбыз? Алар жаңы келгенин шылтоо кылышып, эч нерсеге жооп бере алышпайт. Азыркы курамдан сурап кылышыбыз керек",- деди Курмантай Абдиев. Сунуштардан кийин маселени башка күнү, бирок жаңы өкмөт дайындалганга чейин кароо чечимине келишти депутаттар.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: