Кыргызстанда 2013-жылы 2503 бала кароосуз калган
2013-жылы Кыргызстандын аймагында 2503 бала ата-энеси бакпай, кароосуз калган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын 757си багылып алынган. 1202 бала атайын камкордуктарга тапшырылса, кабыл алуу үй-бүлөлөрүнө берилген балдардын саны - 56. Балдар мекемелерине 488 бала берилген.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын калкынын 36,5 пайызын 18 жашка чейинки жаштар түзөт. Анын 70 пайызы айыл жергелеринде жашашат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.