super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ижарага берилип кеткен ооруканаларга караштуу жерлерди кайтарып алууга каршы чыгышууда

 

Жогорку Кеңеш 27-марттагы жыйынында менчиктештирилип кеткен жана узак мөөнөткө ижарага берилген ооруканаларга таандык жерлерди жана имараттарды мамлекетке кайтарып алуу боюнча токтом кабыл алганы жатат. 

Депутат Дамира Ниязалиева өлкөдө ооруканаларга караштуу көптөгөн жерлер менчиктештирилип кеткенин билдирди. Башка депутаттар кабыл алына турган токтомдогу “ижарага берилген жерлерди, имараттарды кайтаруу” деген пунктка каршы чыгышууда. “Ижарага алышып, имараттарды салып же оңдоп койсо, аны барып талашканыбыз туура эмес”,- дейт депутат Акылбек Султанов. Депутат Азамат Арапбаев да ушундай пикирде. 

Бирок Ниязалиева буга макул эмес. “Айрым ишкерлерди эмес, ооруканага бара албай үйдө төрөп койгон энелерди, ооруканада орун жок, дарылана албай үйүндө көз жумуп жаткан адамдардын кызыкчылыгын эске алалы. Мыйзамдуу менчиктештирилсе мейли, сот аркылуу чечебиз. Бирок мыйзамсыз жол менен менчиктештирип же ижарага алган жерлерди кайтарып алышыбыз керек”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: