super.kg logo
  Саясат  

Нарынбек Молдобаев, депутат: “Ооруканага караштуу аймактан жер алып, кайра сатып жибергеним чын”

 

“Ооруканага караштуу аймактан ижарага жер алып, кайра сатып жибергеним чын”,- деп билдирди депутат Нарынбек Молдобаев ЖКнын 27-марттагы жыйынында. Депутаттын билдиришинче, жерди №2-төрөт үйүнүн жанынан алган. 

Айта кетсек, жыйында мыйзамсыз менчиктештирилип жана ижарага берилип кеткен ооруканага караштуу жерлер боюнча баяндама жасаган депутат Дамира Ниязалиева буларды билдирген эле:

“Бишкектеги төрөт үйүнө караштуу 0,32 гектар жер 2006-жылы мэр Медетбек Керимкуловдун токтому менен соода жана медициналык борбор куруу үчүн 49 жылга Нарынбек Молдобаевге ижарага берилген. Андан кийин мэр Арстанбек Ногоевдин токтому менен жердин аянты 0,39 гектар болуп кеңейтилген. Ал эми 2008-жылы мэр Данияр Үсөновдун токтому менен Молдобаев сатып жиберген”.

Жыйында отурган депутат Молдобаев “ооба, ал жерди алып, кайра 9,2 миллион сомго саткам” деди.

Мындан кийин депутат Ниязалиева “мен сиз экениңизди билбептирмин, аты-фамилиясы окшош бирөө го деп ойлогом” деген жооп узатты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: