Компьютерлер иштебей, депутаттар ЖКнын жыйынын токтотушту
Жогорку Кеңештин 27-марттагы жыйынында айрым депутаттардын компьютерлери бузулду. Мындан улам мыйзамдарга добуш берүү процесси токтотулду. Андан кийин эл өкүлдөрү жыйынды токтотууга аргасыз болушту. Мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар документ менен таанышып, суроо берүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдиришти. Сунуштарды эске алуу менен вице-спикер Асия Сасыкбаева жыйынды башка күнгө жылдырууну добушка коюп, депутаттар кол көтөрүү менен добуш беришти. Талкууланбай калган 2 мыйзам долбоору кийинки аптада каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

