super.kg logo

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасын жардыруудан улам көз жумду

 
Унаада Абасов менен кошо жубайы болгон, келинчеги оор абалда ооруканага жеткирилиптир.

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасын жардыруудан улам каза тапты. Окуя бүгүн, 27-мартта Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болду. Спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумганы айтылды. Унаада Абасов менен кошо жубайы болгон, келинчеги оор абалда ооруканага жеткирилиптир. Алдын ала маалыматтар боюнча, Абасовго жардыргыч зат колдонуу менен кол салуу болгон. Кикбоксчунун өлүмүнө кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн байланышы болушу мүмкүн экендиги айтылды.

Руслан Абасов: 2005-жылы кикбокстун WBKF версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болгон. WAKO версиясы боюнча Дүйнөнүн 2 жолку, Европанын 2 жолку, Евразиянын 1 жолку чемпиону.

Акыркы убакта кылмыштуулук кескин күч алганы байкалууда. Жакында эле Бишкектин көчөлөрүнүн биринен Ниссан үлгүсүндөгү жеңил унаага белгисиз бирөөлөр ок жаадырып, качып кетишкен. Окуя болгон жерде кандын изи калганы менен, жаракат алган адам да, кылмышкерлер да табыла элек. 






Руслан Абасов: "Уулум Руслан Олимпиада чемпиону болот"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
29.03.2011. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan bayke,,aman bolunus,,oylogon oy maksatinis ichke achsin,Ruslan mlachiyge Kudayim den sooluk bersin,,sizdey adamdar koob jaralsin Kirgistanda,,anan Janibar lar jondo oyunus abdan jakchi birok =) Kirgis Indeytster kobko,,koboytuch kiyin bolub kalatko
SUPER.KG видео
30.03.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuffff aiyabai jai suiloit eken baikebis. Iyigilik sizge!
SUPER.KG видео
06.04.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баатырдын 50 мин гектар жеримбар дегенин угуп "талмам" кармап кала жаздады. Же мен 9 сотых жерде жашаганым учунбу, билбейм. Анан да озунун атын уулуна ыйгарганы озунчоле жанылык го кыргыз учун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: