Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өз ара кызматташуу жөнүндө келишим түзүштү
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы баңгизатка каршы биргеликте күрөшүү тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Келишимге ылайык, эки тарап мыйзамсыз маңзат бизнесине каршы күрөш алып барат. “Бул келишим түзөтүү мекемелериндеги мыйзамсыз маңзат бизнесине бөгөт коёт”,- дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

