Жалал-Абадда коррупцияга каршы күрөшүү максатында жыйын болуп өттү



Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 27-март күнү коррупцияга каршы күрөшүү максатында жыйын болуп өттү. Ага дин кызматкерлери жана Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов катышты. Анда студенттер менен коррупцияны жоюу жаатында талкуу болду.
Прокурор коррупцияны жоюу үчүн ар бир студент күрөшүшү керектигин айтты. Сессия убагында өз күчү менен баа алышса, окуу жайлардын арасындагы коррупция жоюларына шарт түзүлөрүн белгилеп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.