super.kg logo
  Спорт  

2015-жылкы Азия чемпиондугуна катыша турган 16 команда 4 тайпага бөлүндү

 

26-мартта Австралиянын Сидней шаарында футбол боюнча 2015-жылы өтө турган Азия Кубогунун чүчү кулак таштоо аземи болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, анда 16 курама команда төрт-төрттөн 4 тайпага бөлүштүрүлдү. Азырынча 15 команданын ысымы белгилүү. “D” тайпасына төртүнчү команда болуп АФКнын Чакырык Кубогунда жеңүүчү аталган команда жайгашат.

Тайпалар:

“А” тайпасы: Австралия, Түштүк Корея, Кувейт, Оман

“В” тайпасы: Өзбекстан, Сауд Арабия, Түндүк Корея, Кытай

“С” тайпасы: Иран, БАЭ, Бахрейн, Катар

“D” тайпасы: Япония, Иордания, Ирак, АФКнын Чакырык Кубогунун жеңүүчүсү

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы баш болгон 8 курама команда 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында АФКнын Чакырык Кубогу үчүн кез келишет. Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автралия каякта биринчи жолу угушум ???????
Мальдив кыргызчасы ушундайбы?????
28.03.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
давай эми Кыргызстан АФКнын чакырык кубогун женип Азия чемпионатына баргылачы алга-а! Сенсация жараткылачы, андан кийин дуйнолук мундиал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: