Чыныбай Турсунбеков: “Өкмөт башчыны жумшак рейтинг аркылуу шайлоону сунуштаган “Республика” коалицияга кирбейт”
“КСДП фракциясы жаңы премьер-министрди жумшак рейтинг аркылуу шайлоого барбайт, биз аукцион уюштурбайбыз”,- деп билдирди КСДП фракциясынын 28-марттагы жыйынында фракция лидери Чыныбай Турсунбеков. Депутаттын билдиришинче, парламенттеги “Республика” фракциясы гана өкмөт башчыны аталган ыкма менен (ред. бир нече талапкер чыгарып, көпчүлүк добуш менен бирин тандоо) шайлоону сунуш кылды.
“Коалицияга кирүү боюнча “Республика” фракциясы гана бир шарт койду. Ал – өкмөт башчыны жумшак рейтинг аркылуу шайлоо. Мындан улам “Республика” жаңы коалицияга кирбейт деп жыйынтык чыгарууга болот”,- деди Турсунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

