Бишкекте 8 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти
Кечээ, саат 17:30 чамасында Бишкектин Туңгуч кичи районунда 8 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылып жаракат алган кыз №3-балдар ооруканасына жеткирилди. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы жигит экени белгилүү болду. Анын унаасы атайын унаа токтотуучу жайга жөнөтүлүп, тиешелүү материалдар мекеменин тергөө бөлүмүнө тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.