Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Египетте жүрөт




Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен 24-март күнү Египетке сапар алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта муфтияттын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, бул иш сапарында Максатбек ажы Египетте Каир шаарында 25-26-март күндөрү өтө турган “Такфир идеологиясынын кооптуулугу жана илимсиз фатва берүүнүн коомдогу жана эл аралык байланышка тийгизген зыяны” аттуу жыйынга катышты. Бул иш-чарада Египеттин мурдагы муфтийи Али Жума, мухаддис аалым Усама Саид Асхари жана башка көптөгөн аалымдар, диний илимпоздор катышты. Азирети муфтий Максатбек ажы Египеттин "Аль-Азхар" ислам университетинин шейхи, улуу имам Ахмад Тоййиб менен жана Египеттин азыркы муфтийи Ибрахим Аллаам менен жолукту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Биздин муфтий азамат ишинизге ийгилик.Калпагыныз тушбосун башыныздан.