Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 27-март күнү саат 13:10 чамасында Т.Молдо көчөсүндө белгисиз адам унаасы менен Бишкек шаарынын тургунун сүзүп алган. Бирок ал биринчи жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Анын кесепетинен 50 жаштагы жабырлануучу денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган.
Учурда аталган жол кырсыгына шектүү кармалып, унаасы айып жайга токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.