Саруулуктар камакка алынгандарды бошотуп, Жети-Өгүз районунун тургундарын куугунтуктоону токтотуу боюнча президентке кайрылуу жасашты



Бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын камакка алынган тургундарынын энелери аларды бошотуу боюнча КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Энелердин бири Назгүл Сыдыкбекова өлкө башчыга даректелген үч төмөнкү негизги талапты жарыялады.
Алар: "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн айынан чыккан экологиялык көйгөйдү чечүү, камакка алынган саруулуктарды бошотуу жана айрым Жети-Өгүз районунун тургундары боюнча куугунтукту токтотуу.
"Ур-токмокко алууга уруксат берүү" деген мыйзам барбы?! Эмне себептен анда камакка алынган уулдарыбызды милиция кызматкерлери сабап жатышат? Алар Батукаевдей кылмышкер эмес. Ал адамдарды өлтүрсө да, аны эркиндикке чыгарып коюшту",- деди Сыдыкбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jaazira13

28.03.2014. 12:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
саруулуктар тынчыбай койдуго, ири ишкананын маселесин бур туруп эле чечип койгондой биз сыйкырчы эмеспизда, камака алынгандар ошол отуп кеткен митингтерде ат минип алып дубинка коктейль молотава кармап жургондордун арасында болуштуда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.