Авиациялык ишканадан акча каражатын жөнү жок чегерип алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишканадан акча каражатын жөнү жок чегерип алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызмат адамдары МИ-8 үлгүсүндөгү тик учактын башкы редукторун алмаштыруу үчүн кассадан 40 миң доллар бөлдүрүп алышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик ишкананын жетекчилиги бул үчүн жасалма документ көрсөтүшкөнү аныкталган.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.