Баласынын көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкерине дисциплинардык жаза берилди

Баласынын көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкерине дисциплинардык жаза берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек ШИИББинин ички коопсуздук бөлүмү чыгарган. Ал эми жол эрежесин бузуп, милиция кызматкерине баш ийбеген айдоочунун иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Ага КРнын Административдик жоопкерчилик кодексинин 371-беренеси (орган кызматкерлеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) боюнча айып тагылууда.
Эске сала кетсек, 18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору айдоочуну жерге жыгып алганы тууралуу видеожазуу чыгып, талкууга алынган.
Кийин бул окуянын 6-мартта болгону белгилүү болду.
Баш ийбеген айдоочуну инспектор жерге жыкты




Силерге эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп мазактоого тыюу салынат!
Эмоцияны кармайбыз, жалпы эрежеге туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болугула!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
5 күн БАН!