super.kg logo

Ысык-Көл облусунда жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө 150 миң сом даярдалды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтү санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча сынак жарыялап, жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражатын бөлдү. Сынактын жыйынтыгы күз мезгилинде гана чыга турганын бүгүн, 28-мартта Тоң райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Маалым болгондой, Тоң районунда облус аймагында жарыяланган 3 айлыктын алкагында 15 адамдан турган штаб түзүлүп, учурда өз ишин баштаган. Күнүмдүк ишембиликтер өткөрүлүп, арыктар, каналдар тазаланган. Ал эми көл жээктерин тазалоо боюнча окуучулар, жаштар менен биргеликте бир канча акция өткөзүүнү пландаштырып жатканын райондун акиминин орун басары Нурия Төлөнгүтова маалымдады.  

“Ошондой эле Кажы-Сай айылынан жер тилкесин жаштардын активисттерине бак отургузууга жана корукка алып, аны коргоого жергиликтүү айыл өкмөтү бөлүп берген. Мындай тажрыйбаны эми башка айыл өкмөттөрү да колдонмокчу”,- дейт өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.03.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко 15сомда болунбогондур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: