super.kg logo
  Спорт  

Шум ажал Руслан Абасовду "уулумду Олимпиада чемпиону кылам" деген тилеги аткарыла электе алып кетти 

 
Кызы Лейла жана уулу Руслан.
Улдары Темирлан менен Руслан. Улуу баласы Темирлан түрк лицейинде билим алып, атасын алып келген баалары менен кубантып турчу.
Руслан үчүн намыс баарынан бийик турганын анын жакындары баса белгилешет. Кезектеги мелдеште Кыргызстандын эсебине чемпиондук наам алып келген кези...
Кикбоксчу көпчүлүк убактысын Ак-Сай жайлоосунда өткөрүп келген. Аркар, кулжа жана башка жандыктар аны бала кезинен кызыктырып келген.
Ат көтөргүс алп жетишкендиктердин ээси спорт жаатында калтырган чыйырына көз салып, ыраазы гана болсо керек. Себеби, андай жеңиштер бардык кикбоксчуга буюрган эмес.
"Эмне үчүн Кыргызстандын байлыгы алтын же акча менен эле өлчөнүшү керек? Эмне үчүн мекенибизди табият жагынан байыта албайбыз?". Бул суроолорду ал өзүнө берип жүргөнүнө караганда, ал калган өмүрүн табият койнунда өткөрүүдөн кайра тартпастай сезилген.

Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири Руслан Абасовдун набыт болгону тууралуу кабар кечээ, 27-мартта тарады. Спортчу айдап бараткан унаа Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда имерилиштен жарылып, жаракат алган кикбоксчу ооруканага жетип каза болгон. Унаанын ичинде чогуу болгон жубайы жабыркаган эмес, абалы жакшы. 

Кезинде оор салмакта далай атаандашынын жүрөк үшүн алып турган кикбоксчу 2011-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, келечекке койгон пландары менен бөлүшүп, чоң спорттогу чыйыры жана спорттон кийинки жашоосу жөнүндө айтып берген. "Уулум Руслан Руслановичтин Олимпиада чемпиону болушу үчүн бар күчүмдү жумшайм" деген спортчу уулунун чоңойгонун да, чемпион болгонун да көрө албайт. 37 жашында дүйнө салган кикбоксчуну жакындары эскеришти.

 

*Абасов Руслан Акылбекович 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн. 

* Кикбокс боюнча профессионалдар арасында 3 жолу Дүйнө (1999, 2003, 2005) жана 3 жолу Европа (1998, 2000, 2005) чемпиону аталган. 2002-жылы Дүйнө кубогун уткан. 

* Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.  

“ГЕРМЕС-ПРОФИГЕ” МАЛИК БОРБАШЕВДИН ЧАКЫРУУСУ МЕНЕН КЕЛГЕН

Руслан Абасовдой тайманбас, өжөр мүнөз күткөн спортчуну кадам сайын учуратуу кыйын. Айтканын аткарып, кашкөйлүк менен жеңишке умтулуп келген Руслан “Брюс Лини кумир тутуп, ошонун арты менен спортко аралаштым” деп калчу. Аны бийиктикке сүйрөп турган мүнөзү менен ал кикбокско чейин баскетбол, күрөш, бокс, ушу-саньда спорттору менен машыккан. 1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган десек болот. Гермес лакап атына ээ болгон соң ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси эле.     

РУСЛАН СПОРТТОН КИЙИНКИ ЖАШООСУН КӨМҮСКӨДӨ УЛАНТКАН

Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун утту. Бул мелдештен эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болду. Ушул жылы анын “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде Токмок шаарында чоң спорт-комплексин ачарын жана бокс боюнча эң мыкты мушкерлерди тарбиялаган Куба мамлекетинен машыктыруучуларды чакырарын айткан жайы бар. Аны эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Олимпиада чемпиону чыкпаганы өкүндүрчү. Өзүнүн карышкыр уулап жүргөнүн, ансыз да кыргыздын аркар-кулжалары азайып баратканын айтканы бар. Жалпысынан Руслан спорттон кийинки жашоосун көмүскөдө уланткан. Ал көпчүлүк убактысын Ак-Сай жайлоосунда өткөрүп, ууга чыгып келгени маалым.  

"КИЧҮҮ УУЛУМДУ ЧОҢ СПОРТТОН КӨРӨМ" ДЕГЕН ТИЛЕГИ ӨЗҮ МЕНЕН КЕТТИ...

Руслан Абасов жубайы Айчүрөк менен 2003-жылы баш кошкон. Темирлан, Руслан жана Лейла аттуу уул-кыздуу болуп, бактылуу аталардын катарын толуктаган. Темирлан түрк лицейинде окуп келген. Ал эми спорт жаатында кикбоксчу уулу Русландын аралашарынан үмүт кылар эле. Анткени ага Руслан деп ат коюп, келечекте бокс боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келүүсү үчүн шарт түзөрүн айткан. Ажал минтип Руслан Абасовдун жолун тороп, "кичүү уулумду чоң спорттон көрөм" деген тилеги менен кошо алып кетти.     

Руслан Абасов катардагы карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. Атасы Акылбек уулу Русландын кичинекейинде каза болуп, экинчи атасынын колунда өскөн. Апасы Жумагүл ошол кезде фабрикада иштечү. Мирлан, Мирбек аттуу инилери жана Миргүл деген карындашы бар болчу.

ЖАНБУЛАТ АМАНТАЕВ, досу: “ОКУЯНЫН СПОРТКО ДА, УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТОРГО ДА ТИЕШЕСИ ЖОК”   

- Руслан менен 1994-1995-жылдары таанышкам. Биздин залда профессионал болуп, ийгиликтери “Гермеске” келген соң катталган. Беттештерде аягына чейин мушташкан намыскөй эле. Карьерасын жыйынтыктагандан кийин ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Мелдештерге келип, балдарга кеп-кеңешин айтып жүрдү. Нарындан жер алып, аңчылык менен алектенип жүрчү. Балким, жер маселесинен чыр чыктыбы деп ойлоп жатам. Бул окуянын, менин оюмча, спортко да, уюшкан кылмыштуу топторго да тиешеси жок.   

АЛТАЙ ӨМҮРБАЕВ, машыктыруучусу: “КИЙИН КАНДАЙ ПЛАН КОЮП ЖҮРГӨНҮН БИЛЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ” 

- Менин билгеним боюнча, 14 жашында спорт менен машыгып баштаган. Өзүн спортко арнаган фанат болчу. Ак көңүл жигит эле. Машыгууда айткандарды аткарууга тырышчу. Жаштайынан эле балык кармап, аңчылык кылып, жаратылышка кызыгарын байкагам. 10 жылдай чогуу иштештик. Командада аны баары сыйлап, урматтап турчу. Акыркы жолу өткөн жылы жай айларында курама команда менен машыгуу сборунда болгон. Андан кийин көрүшө алган жокпуз. Тилекке каршы, анын кандай пландары бар экенин биле албай калдым.

                                              СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

Азыр ички душман менен сырткы душманды ажыратып билүү кыйын. Бишкекте атышуу болуп, анда Ниссан үлгүсүндөгү унаанын жанынан кандын изи калып, бирок жаракат алгандардын табылбай калышы, Камила аттуу кыздын өлтүрүлгөнү, катталган зордуктоо фактылары элди чочутууда. Күч органдары элди “тынчсызданбагыла” деп жибитүүдө. 

Окуя боюнча Чүй ОИИББи “Тергөө иштери бүткөнгө чейин маалымат бере албайбыз. Акыркы жолу кимдер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн аныктадык. Жакындары, достору сурак беришет. "Кримчөйрөнүн өкүлдөрү өлтүрдү" дегенге далил жок. Себеби ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган эмес” деп билдирди. 

Абасовдун 2011-жылы “Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 50 миң гектар жерим бар. 7 жылдан бери аң уулоочулук менен алектенем” дегенине таянып, жер боюнча сураганыбызда күч органдары тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын жерге тиешеси жок экени аныкталганын айтышты.

P.S. Руслан Абасов даңкы Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев сыяктуу спортчулардан кем калбаган кыргыздын чыгаан спортчусу, татыктуу уулу эле. Эмгек жамааттын атынан анын жакындарына, дос-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.  

 





Руслан Абасов: "Уулум Руслан Олимпиада чемпиону болот"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
29.03.2011. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan bayke,,aman bolunus,,oylogon oy maksatinis ichke achsin,Ruslan mlachiyge Kudayim den sooluk bersin,,sizdey adamdar koob jaralsin Kirgistanda,,anan Janibar lar jondo oyunus abdan jakchi birok =) Kirgis Indeytster kobko,,koboytuch kiyin bolub kalatko
SUPER.KG видео
30.03.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuffff aiyabai jai suiloit eken baikebis. Iyigilik sizge!
SUPER.KG видео
06.04.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баатырдын 50 мин гектар жеримбар дегенин угуп "талмам" кармап кала жаздады. Же мен 9 сотых жерде жашаганым учунбу, билбейм. Анан да озунун атын уулуна ыйгарганы озунчоле жанылык го кыргыз учун
SUPER.KG видео
01.07.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец, ушундай адамдар коп болсо Кыргызстан бутуна туруп кетмек
SUPER.KG видео
28.03.2014. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылдуу экен
SUPER.KG видео
28.03.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кэчээ бар адам, бугун жок. Жаткан жери жайлуу болсун!
SUPER.KG видео
28.03.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жери жайлуу болсун. Бул киши Бруслиге окшогусу келсе канча адам Руслан Абасовго окшогусу келди экен, ошолордун арасында мен бар элем. Ото окунучтуу.
28.03.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
28.03.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руслан Абасов олгон жок. Ал тируу! Ал азыр кичинекей, бирок акылы жетилип, бул видеону корсо созсуз атасынын аманатын аткарат деп ишенем.
28.03.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Руслан Абасов олгон жок. Ал тируу! Ал азыр кичинекей, бирок акылы жетилип, бул видеону корсо созсуз атасынын аманатын аткарат деп ишенем.
28.03.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун..
28.03.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгаандарыбызды же ажалга, же чет мамлекетке тарттырып жибергенде гана баркын билебиз.....аттиң.....
28.03.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атанын орду башка баары-бир эми уулуна ким колдоо корсотмок эле. О арман дуйно жаш балдары жетим аялы жесир калды. Жакшы адам аз жашайт деп калат эл оозунда тууган урук уй булосуно сабырдуулук каалайм жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
28.03.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне сапаты жаман улбайт го суйлогону даана
28.03.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы пландары бар экен эле мага да ушундай жаныбарларды кобойтуу жагат, Аллахым беишинен насип эткен болсун.
29.03.2014. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun,topuragi torko bolsun!:(((
29.03.2014. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кикбоксчунун аты Руслан эмес Рустам болуш керек элего супер инфо тактап койгулачы? Ата баланын аты окшош болбойтко кыргыз да...
31.03.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BORN.kg, маалымат такталган.
29.03.2014. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо баласына оз атын бергени учун эрте кетти окшойт бул дуйнодон байкуш!
29.03.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
29.03.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окнучтууу
29.03.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун, бизде ким башын которсо эле жок кылмай, дагы бир кыргыздын азаматынан айрылдык.
30.03.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу, кыргыздар ай, ай бир бирибизди коралбайбыз, бул спортчуну да бироо жайлады да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: