Нурбек Турсунбаев: "Кыргызстандагы таксилерди лицензиялоо керек"
Бүгүн, 28-марттагы маалымат жыйынында Унаа жүргүнчүлөрүнүн ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев: "Кыргызстандагы таксилерди лицензиялоо керек. Бул биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн зарыл. Айрыкча шаар аралык каттамдарга чыккан таксисттер өздөрүнүн жүргүнчүлөрүнө кооптуулукту жаратат. Себеби көпчүлүгүнүн жол баракчалары, иштөө жана эс алуу режими жок. Тынымсыз иш режиминен улам айдоочулар чарчап, уктап кетип жол кырсыгына кабылгандардын саны арбын”,- деп билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы таксилердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө патент менен иштеп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.