super.kg logo

Укук коргоочу: "Баласынын көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн МАИ кызматкерине мыйзам чегинде жаза каралышы керек"

 
"Эгер баласынын көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн Жол-кайгуул кызматынын инспектору өзүнүн кызматтык ыйгарым укугунан ашса, анда ал мыйзам чегинде жазага тартылышы керек",- деп билдирди бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына укук коргоочу Жеңиш Тороев.
Анын айтымында, бул маселени тиешелүү кызматтар изилдеп, өз чечимин чыгарат. Ушул чечимге ылайык, МАИ кызматкерине айып пул салынат же ал кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликке тартылат.
"Чуу жараткан окуя жаш баланын көзүнчө болуп жаткандыгы изилдөөчү комиссиянын чечимине таасирин тийгизбейт",- деди укук коргоочу.
Эскерте кетсек, 18-мартта интернетке Жол-кайгуул кызматынын инспектору чыркырап ыйлап жаткан баласынын көзүнчө айдоочуну жерге жыгып, урушканы тууралуу видеожазуу талкууга алынган.   

Бүгүн, 28-мартта МАИ кызматкерине дисциплинардык жаза берилген






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: