Жалал-Абадда Тукубай Тайгараевдин айкелин орнотуу иштери жүрүп жатат
"Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Таш-Булак айыл округунун Ынтымак айылына курулуп жаткан Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин айкелин 9-майга чейин бүтүрүү керек",- деп билдирди өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков. Ошондой эле курулуш иштери менен таанышып жатып: «Биримдикте иш алып баралы, айкел сапаттуу бүткөрүлүшү керек. Кытайдын бир да арматурасы да аралашпасын",- деп кошумчалады.
Айкелди бүтүрүүгө жалпысынан 9 миллион сом сарпталып, курулуш иштери «Алым-Ата» ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Бул туурасында бүгүн, 28-мартта басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:43
2025-11-03
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Бул кишини да бийликтегилер жиберди да озунун уйуно, бирок ишеним берсек экинчи Мелис Мырзакматов!!!