ЖКнын комитети Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан сунушталган 4 талапкерди жактырды
Бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Сот-укуктук маселелер боюнча комитети КРнын Президенти тарабынан Жогорку Соттун судьялык кызматына сунушталган 4 талапкерди жактырды. Алар: Айнаш Токбаева, Памирдин Жумагулов, Болотбек Батыралиев жана Анархан Базаралиева. Айта кетсек, аталган кызмат ордуна президент тарабынан сунушталган 27 талапкердин ичинен 8 талапкер тандалып алынган. Алар жогоруда аталган 4 талапкерден сырткары Рысбек Шүкүралиев, Жамал Жусупова, Амангелди Молдобаев жана Марат Жээналиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

