Өкмөт башчы болуп шайланса, мамлекеттик бюджеттин көлөмү жыл сайын 2 миллиард сомго өсөрүн билдирди Оторбаев
Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасы боюнча көз карашын айтты. Анын билдиришинче, 5 жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү жан башына эсептегенде 2 эсе, республикалык бюджет өлчөмү жыл сайын 2 миллиард сомго өсөт. “Программага азырынча 70тен ашык долбоор камтылган. Аны ишке ашырууга 15 миллиард доллар керек. Долбоорлордун 45 пайызына каржы булактары табылды”,- деп билдирди Оторбаев.
Айта кетсек, КСДП фракциясы премьер-министрликке Оторбаевдин талапкерлигин колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2026-02-22
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















