super.kg logo
  Саясат  

Гүлбара Калиева Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Биримдиги кеӊешинин жумушчу тобу менен жолугушту

 

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Биримдиги кеӊешинин жумушчу тобу жана анын башында турган Петтери Вуоримаки мырза менен жолугушту. 

Гүлбара Калиева Кыргызстандын сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа, Жогорку Сотунун жаӊы курамы жана анын иши тууралуу кыскача айтып берди. Мындан тышкары сот реформасынын багыттарына да токтолуп, өзгөчө Жогорку Соттун сайтын жаӊылоо боюнча иштер жүргөндүгүн, сайтта Жогорку Соттун төрайымынын электрондук кабылдамасы ачылгандыгын белгилеп өттү. Петтери Вуоримаки мырза Жогорку Соттун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Памирдин Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борборунун директору Жылдыз Кожокматова, Жогорку Соттун төрайымынын кеӊешчиси Куралбек Абдыкадыров, массалык маалыматтар каражаттары менен байланышуу, эл аралык катнаш жана протокол бөлүмүнүн башчысы Мелис Тагаев катышышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: