super.kg logo

Балет өнөрү боюнча эл аралык фестивалда “Корсар” балети коюлду (фоторепортаж)

 
Фестивалдын ачылыш салтанатына С.Раев катышып, артисттерге ийгилик каалады.
Оркестр курамы.
Фестивалга келген көрүүчүлөр.
Фестивалга келген көрүүчүлөр.
"Корсар" балети старт алган учур.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
"Корсар" - классикалык балеттин мурасы, ал 160 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп келүүдө.
Бир жарым кылым карыткан "Корсар" балетин балетмейстерлер жылдан-жылга бийин байытып, өзгөчөлөнтүп коюп келишет.
"Корсар" балетинде музыкалык номерлер жаңыланганы менен, сюжети ошол бойдон сакталуу.
Корсар - деңиз каракчысы.
Кондрад аттуу деңиз каракчысы Медора айымды туткунга алат.
Деңиз каракчысы (корсар) Кондрад аркылуу уурдалып туткунга түшкөн Медораны ага ээлик кылган Исаак Ланкедем амалкөйлүк менен өзүнө кайтарып алып, Сеид пашага сатып жиберет. Медораны сүйгөн деңиз каракчысы Босфор жээгиндеги пашанын сарайына кирип, аны куткарып, кемеге түшүп качып кетишет. Кеме кыйроого учураганы менен, жарга барып такалып, аман калышат.
"Корсар" балети биринчи жолу 1856-жылы Парижде коюлган.
Балеттин жүрүшүнөн
Балет оор искусство делет.
"Корсар" балетин коюуга 2 айлык эмгек талап кылынган.
Спектаклдин соңунда көрүүчүлөр гүл тапшырышты.
"Корсар" балетин койгондорго көрүүчүлөр туруп кол чабышты.
"Корсар" балетин койгондорго көрүүчүлөр туруп кол чабышты.
Прима-балерина Ирина Аблицова: "Талант Осмонов мага экинчи жолу өнөктөш бийчи болду. Ал абдан ишенимдүү жана аны менен иштөө кызыктуу".
КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов.

Кечээ, 28-мартта балет өнөрү боюнча эл аралык фестивалда “Корсар” балети коюлду. Андагы башкы ролду Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, балерина Ирина Аблицова жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов аткарды. Балет искусствосунун өнүгүшүнө беделдүү салым кошуп келаткан инсандар көрүүчүлөрдү профессионалдык чеберчилиги менен суктандырышты.

Кыргызстанда биринчи жолу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында балет искусствосу боюнча эл аралык фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Бүгүн фестивалдын гала-концерти өтөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: