Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Өлкөнүн тоолуу аймактарында жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "өлкөнүн тоолуу аймактарында жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат" деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 28-марттан 31-мартка чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүү коркунучуна байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.