super.kg logo

Жардыруудан набыт болгон кикбоксчу Руслан Абасовдун сөөгү жерге берилди

 
Кикбоксчуну эскерүү Насирдин Байтемиров атындагы Маданият үйүнүн алдында 1 саатка жакын убакытка созулду. Бул жерге маркумдун сөөгү алынып келип, чемпиондук наамдары да элге көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын казысы жаназа окуп, чогулган эл алдында Кудай берген өмүрдү күч менен алуу чоң күнөө экенин айтып өттү.
Эскерүүгө чогулган элдин саны 400дүн тегерегинде болду.
Эскерүүгө чогулган элдин саны 400дүн тегерегинде болду.
ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева "Руслан Абасовду көрүп, көптөгөн жаштар спортко, мекенчилдикке умтулушат" дейт.
Маркумдун аяш атасы, айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Айдаралиев Руслан тууралуу жаман кеп укпаганын кошумчалады.
ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөнов сөз алып, "Русланды өлтүргөндөр кыргызга чыккынчылык кылышты" деген оюн атты.
Руслан Абасовдун машыктыруучусу Александр Воинов: "Руслан атаандаш тандабаган мыкты спортчу болчу. Татыктуу инсан катары эл ичинде сыйы бар эле".
Мушкердин сөөгүн ошол жерден түз мүрзөнү көздөй алып жөнөштү.
Маркумдун апасы Жумагүл айым. Уулунан айрылган эненин абалын сөз менен айтып жеткирүү кыйын.
Топурак салуу үчүн көп киши чогулду.
Даңазалуу спортчунун иниси Мирлан жана уулу Темирлан.
Агасын жоготкон Мирлан менен атасын жоготкон Темирлан көрүстөндөн акыркы болуп кетишти.
Уулу Темирлан...
Унаасындагы жардыруудан кийин өзүнө келе албай каза тапкан кикбоксчу Руслан Абасовдун сөөгү Султан Ибраимов атындагы айылда бүгүн, 29-мартта жерге берилди. 
Ага чейин Токмоктогу Насирдин Байтемиров атындагы Маданият үйүнүн алдында мушкерди эскерүү болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү жана спортчуну жакындан тааныган дос-туугандары катышты.
Эске салсак, 27-мартта спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген. 

 






Руслан Абасовдун зыйнатына 400дөй адам келди

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(75)
29.03.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаткан жайы жаннаттан болсун!
29.03.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бейиши болсун! (аминь)
29.03.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун.
29.03.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны жаннаттан жай алсын.
29.03.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жериниз жайлуу болсун сиздей адамдар эч качан эстен чыгарылбайт.
29.03.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыйманын долдош кылсын. Бейиши болсун.
29.03.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах рахматына алсын! Баарыбыз деле бир кун Аллахтын алдына барабыз!
29.03.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.Спортсменби,жонокой адамбы Текебер,менменсиген,кучунорго ишенбегиле .Олум коз ачып жумганча болуп кетиши мумкун.
29.03.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыбыз Кудай алдында куноокор пендебиз.Кудайым кылган куноолорун кечирсин.Бул иштин бети ачылышына козум жетпей турат.Себеби уже эле крим чойронун тиешеси жок,бизнесинин тиешеси жок,Нарындагы жеринин тиешеси жок,биз тактап чыктык дептир изилдоочулор.Чагымда булардын баары орган кызматтагыларды бизден алысыраак эле ойногула,болбосо капа болбогула деген окшойт.Изилдоочу орган да бул ишке тиши отпошун билип,булардын биринин да тиешеси жок дей салды.Сен мага тийбе,мен сага тийбейм деген соз да...<
29.03.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура жазыпсын, кыйыр соз менен айтышыптырда органдар. Эми мындан ары озунор изилдегиле биз билбейт экенбиз кимдер кылганын деп жаткандары да. Баяманды аткан адамда таппай койдук дешти Русландыкын такыр эле табылбай жатат дешет.
29.03.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: