super.kg logo

Ош. Кара-Суу районунун аймагынан 6 жарандын Сирияга кеткендиги аныкталды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү чечимдерди ишке ашыруу тууралуу» №24-жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди. 

Анда Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруудагы талаптар айтылып, бул багытта укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрүнүн кызматтык милдеттери боюнча аткарган иштери тууралуу доклад жасашты. Кара-Суу РИИБинин жетекчиси Марат Орозбаев өз докладында адам укуктары менен дин тутуу эркиндигин айрым жарандар туура эмес түшүнүшүп, жаман жолдорго барып жаткандыгына токтолду. Айрыкча акыркы кездеги дүйнө жүзүнүн бүйүрүн кызытып жаткан Сирия мамлекетиндеги окуялар Кара-Суу районунун жарандарын да тартып жаткандыгын, Кара-Суу районунун аймагынан 6 жаран Сирия мамлекетине кеткендигин маалымдады.

Жыйынга райондук жана шаардык мамлекеттик администрация жетекчилери, укук коргоо органдары, дин өкүлдөрү, аялдар жана аксакалдар кеңешинен өкүлдөр, айыл башчылары катышышты.

Жыйындын катышуучулары дин кызматкерлерине жума намаздарда жана адамдар топтолгон жерлерде дин кармануу багытында түшүндүрүү иштерин алып барууну суранышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: