Ысык-Атада жүргүнчүлөрү менен бара жаткан кичи автобус тепловозду сүзүп, 1 адам набыт болду
Кечээ, 30-мартта саат
09:00 чамасында Ысык-Ата районунда кичи автобус менен тепловоз кагылышып,
кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Жол кырсыгы Люксембург айылында
катталган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анда Мерседес-Бенц кичи автобусунун 44 жаштагы айдоочусу Көк-Жар
айылына айдап бара жатып тепловоз менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктан кийин Кант
шаардык ооруканасына 27 адам жеткирилген. Алардын 10у жаш бала экени аныкталды.
Кичи автобустун айдоочусу оор жаракат алып, бейтапканада көз жумду. Азыркы тапта
7 адам ооруканада жатат. Калганы дарыгерлердин жардамын алып, үйлөрүнө
чыгарылган. Жол кырсыгынын себептери такталууда. Бул тууралуу 31-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
jasan

31.03.2014. 11:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Люксембург деген айыл бар экенин биринчи угушум. Нью-Йорк деген да айыл болсо керек анда...
Puper-pup

31.03.2014. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasan, Чуй облусуна келип корсон, "Люксембург" деген айыл бар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.