super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура Эльдар Мадылбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча дагы 2 адамга издөө жарыяланганын билдирди

 
Депутат Туратбек Мадылбековдун уулу "алдамчылык" фактысы боюнча айыпталып жаткан Эльдар Мадылбеков менен кошо "мыйзамсыз ишке катышкан" деп эки адам шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Турдумамбетов билдирди. Анын айтымында, 7-апрель күнү Эльдар Мадылбеков С.Байгелдиев аттуу адам менен сүйлөшүп, Киев көчөсүндөгү №74- имаратты жасалма документтештирген. Мындан сырткары дагы эки адам бул иштерге катыштыгы бар экендиги белгилүү болуп, издөө жарыяланганын билдирет Башкы прокуратуранын өкүлү. Эске салсак, Эльдар Мадылбековго "Апрель революциясынан кийин жогоруда аталган имаратты мыйзамсыз менчиктештирип, башка бирөөгө саткан" деген айып тагылууда.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: