Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен адам изделүүдө
Ысык-Ата районунда Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, чөгүп кеткен адам 1973-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Ниязалиев болгон. Ал үстүбүздөгү жылдын 28-мартында саат 14:30 чамасында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Учурда Аламүдүн райондук куткаруу кызматынан 15 куткаруучу, Өрткө каршы кызматынан 6 адам, ӨКМнын Суучулдарды даярдоо борборунан 4 суучул жана туугандары издөө иштерин улантып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.